Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүргөндө курч инфаркт менен түшкөн 87 жаштагы бейтапка операция жасады. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта министрликтен билдирди.
Маалым болгондой, бейтаптын абалы оор болгондуктан, ага тез арада стент коюу операциясы жасалды. Зарыл болгон медициналык жардам "КМИ 24/7" программасынын алкагында акысыз көрсөтүлдү.
Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.