Биз социалдык тармакта

Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Себеби

Кечээ, 14-августта Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда электр энергиясы боюнча олуттуу үзгүлтүктөр катталды.

Казакстанда Алматы жана Алматин облусунун айрым райондорунда жогорку чыңалуудагы линиялардын авариялык өчүшүнөн улам электр жарыгы үзүлгөн.

Кыргызстанда энергетикалык система убактылуу өзүнчө режимге өткөнү менен, министрлик абоненттердин электр менен камсыздоосу үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

Тажикстандын бир катар шаарларында электр жарыгы өчүп, так себеби аныкталып жатканы айтылды. Өзбекстанда болсо Сурхандарья жана башка аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Алдын ала маалымат боюнча, кырдаал Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасындагы авариялык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Адистер электр менен камсыздоону этап-этабы менен калыбына келтирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан