Эртең, 16-августта саат 11:00дөн 19:00гө чейин "Бишкек Аренада" өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Мэриядан билдиргендей, чектөө Аалы Токомбаев, Д. Күйүкова жана Эр-Тайлак көчөлөрүнүн айрым тилкелерине киргизилет.
Шаар бийлиги айдоочуларды каттамын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү жолдорду тандоого чакырды.