Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчө жарыктандыруу системасы толугу менен жаңыртылды.
Мэриядан билдиргендей, бул тилкеге 277 жаңы тирөөч жана 554 заманбап LED-чырак орнотулду. Ошондой эле энергияны үнөмдөөчү LED-чырактар электр энергиясынын чыгымын азайтууга шарт түзөт.