Индонезиянын чыгыш жээгинде 15-августта магнитудасы 7,7 болгон жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу 15 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, жергиликтүү бийлик күчтүү цунами коркунучу бар экенин эскертти. Айрым аймактарда бийиктиги болжол менен 1 метрге жеткен толкундар катталган.
Нагекео жана Бима аймактарында силкинүү катуу сезилип, бир мүнөткө жакын созулган. Азырынча жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок. Австралиянын цунами боюнча борбору өлкөнүн материктик бөлүгүнө коркунуч жок экенин билдирди.