АКШнын Филадельфия шаарында UFC 330 турниринин алдында мушкерлердин расмий таразага түшүү аземи өттү.
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу таразага түшүп бүткөндөн кийин атаандашы Жеремайя Уэллсти күтүп турган. Бирок америкалык мушкер сахнага чыгары менен дароо көз карашуу үчүн Оролбайга жөнөгөн. Мыктыбек болсо колу менен таразага түш деген ишарат кылып, атаандашына процедураны эске салды. Уэллс андан кийин таразага түшүп, андан соң мушкерлер көз карашты.
Кызыгы, ушундай эле көрүнүш былтыр Оролбай уулунун Тофик Мусаев менен болгон беттешинин алдында да болгон.
Оролбай уулу UFC 330 турнириндеги биринчи беттешти өткөрөт. Кармаш 16-августка караган түнү, болжол менен саат 02:00дө Бишкек убактысы боюнча башталат.