Казакстандын улуттук курамасынын жана Лондондун "Челси" клубунун 18 жаштагы канат чабуулчусу Дастан Сатпаев жаңы сезонду Англиянын "Бернли" клубунда өткөрөт.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, "Бернли" футболчунун бир сезондук ижарага келгенин расмий жарыялады. Сатпаев "Челсиге" өткөндөн кийин тажрыйба топтоо үчүн башка клубга жөнөтүлдү.