Бишкекте футбол боюнча айымдар командаларынын арасындагы Азия чемпиондор лигасынын тандоо оюндары өтөт.
Кыргызстан В тайпасындагы мелдешти кабыл алат. Анда Кыргызстандын, Гонконгдун, Камбоджанын жана Филиппиндин чемпиондору күч сынашат.
Кыргызстандын атынан өлкө чемпиону "Илбирс" командасы чыгат.
Оюндар 17–23-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Тайпада 1-орунду алган команда кийинки баскычка жолдомо алат.