Кыргызстандын 17 курсанты Орусия жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча окуу жайларына билим алуу үчүн жөнөтүлөт. Бүгүн, 15-августта ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда курсанттардын ант берүү аземи өттү.
Алар Орусиянын ӨКМдин академияларында жана Санкт-Петербург университетинде, ошондой эле Казакстандын Малик Габдуллин атындагы Жарандык коргонуу академиясында билим алышат.
Курсанттар окуусун аяктап, Кыргызстанга лейтенант аскердик наамы менен кайтып келишет.