Ош облусунун Араван районунда 1986-жылы туулган жаранды сабоого шектелген үч адам кармалып, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 9-августта болгон. Жаранды белгисиз үч адам сабап кеткендиги тууралуу милицияга кабар түшүп, окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Көчөдөгү видеокөзөмөл камераларынын жазуулары изилденип, натыйжада 2002-жылы туулган М.Х., 2006-жылы туулган М.М. жана 1998-жылы туулган М.А. аттуу үч шектүү кармалган.
13-августта Араван райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Учурда тергөө иштери уланууда.