Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстанда эл аралык "Манас" аэропортун масштабдуу реконструкциялоо иштери уланууда. Аэропорт көптөгөн чет элдик делегациялар жана туристтер үчүн Кыргызстан менен таанышкан алгачкы жай болуп калат. Ошондуктан анын инфраструктурасы гана эмес, өлкөнүн башкы аба дарбазасынын сырткы көрүнүшү да өзгөртүлүп жатат.
НОМАД-ТВ мындай масштабдуу өзгөрүүлөрдү көрүүчүлөргө мүмкүн болушунча түшүнүктүү көрсөтүү үчүн кошумчаланган реалдуулук технологияларын колдонууну улантууда.
Бул ирет эфирде жаңыланган "Манас" аэропортунун көрүнүшү көрсөтүлдү. 3D-модель аркылуу жаңы фасадды, панорамалык айнектелген бөлүктөрдү, архитектуралык жылмакай формаларды көрүп, реконструкция иштери аяктагандан кийин аэропорттун кандай болорун элестетүүгө болот.
Мындай визуализация объекттин реконструкциясы толук бүтө электе эле анын келечектеги көрүнүшүн кеңири көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча азыр «Манас» ири эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын кабыл алууга даярданып жаткан учурда бул өзгөчө маанилүү.
Анткени аэропорт Кыргызстанга келген көптөгөн чет элдик коноктордун өлкө менен алгачкы жолуккан жери болот.