Кыргызстан менен Кытай мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды биргелешип башкаруу боюнча комитет түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.
Тараптар тиешелүү келишимдин долбоорун талкуулап, комитет эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын кызматташуусун күчөтүп, өткөрмө бекеттердин ишине байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзөрүн белгилешти.
Келишимге Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюу пландалууда. Си Цзиньпин Кыргызстанга ШКУ саммитине катышуу үчүн келет.