Бишкекте бүгүн, 15-август саат 16:00 чамасында Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Honda CR-V үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кагылышуудан кийин Mercedes-Benz тротуарга чыгып кетип, ал жерде турган адамдарды сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, 5 адам жабыркады. Алардын үчөө көчөдө бараткан жарандар болсо, калган экөө Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.
Буга чейин аталган жол кырсыгынын видеосу тараган.