Иран Ормуз кысыгынын ачылышы же жабылышы боюнча чечимди Тегеран гана кабыл аларын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШны жаңжалдагы жеңилүүсүн моюнга алууга чакырды. Анын айтымында, Тегеран коркутууларга же күч көрсөтүүгө карабай өз позициясын өзгөртпөйт.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын АКШнын аймагы деп жарыялоону көздөп жатканын билдирген.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча азырынча чечим кабыл алынбаганын айтты.