Биз социалдык тармакта

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетти

Индонезиянын Флорес аралынын жээгинде болгон 7,7 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, дагы 6 адам жаракат алып, эки киши урандылардын алдында калганы айтылды. Жер титирөөдөн үйлөр жана башка имараттар жабыркап, айрым жолдор жер көчкүдөн улам жабылган.

Жер титирөө бүгүн, 15-августта таң эрте болгон. Андан кийин күчтүү кайра жердин силкинүүсү катталган.

Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланган, бирок кийинчерээк эскертүү жокко чыгарылган. Куткаруучулар учурда урандыларды тазалап, жабыркагандарды издөө иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан