Кыргызстандык мушкер Марсель Нурланбек уулу Конаев шаарында өткөн OCTAGON 90 турниринин башкы беттешинде казакстандык Ермек Нурановду жеңди.
Беттеш биринчи раундда эле аяктап, Марсель атаандашын 85 секундда бутун кайруу ыкмасы менен багындырды.
Бул жеңиштен кийин кыргыз мушкеринин профессионалдык рекорду 16-0 болду. Марсель карьерасында бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек.