Бишкек шаарынын мэриясы анын ишине берилген баа 24,6 баллды түздү деген маалыматты четке какты.
Мэриянын маалыматына ылайык, 24,6 балл мэриянын көрсөткүчү эмес, Бишкек шаары боюнча 29 министрлик жана ведомствонун орточо көрсөткүчү.
Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек мэриясы 44,4 балл алып, 29 мамлекеттик органдын ичинен 2-орунду ээледи.