Биз социалдык тармакта

Жибек Жолу проспектисиндеги бетон куюлган дарак боюнча мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада дарактын түбүнө бетон куюлганына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, бул жер ижарага берилген. Пандус куруу учурунда ижарачы даракка зыян келтирген. Учурда дарактын түбү бетондон тазаланды.

Бул факты боюнча Муниципалдык инспекция протокол түзүп, мыйзамга ылайык айып пул салды. Ошондой эле мыйзам бузууга байланыштуу ижара келишими токтотулуп, подрядчы ак ниетсиз аткаруучулардын тизмесине киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан