Биз социалдык тармакта

Японияда нөшөрлөгөн жаандан 9 адам каза болду

Япониянын Тиба префектурасында рекорддук деңгээлдеги нөшөрлөгөн жаандан улам 9 адам каза болду. Бул тууралуу NHK префектуранын бийлигине жана полицияга таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, дагы бир адам дайынсыз болууда. Катуу жаандан улам аймакта суу ташкыны болуп, 1,2 миңден ашык имарат жабыркаган. Айрым үйлөрдүн биринчи жана жогорку кабаттарын суу каптаган.

Бийлик кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан