Зимбабвенин Кариба көлүндө паром оодарылып кетип, каза болгондордун саны 72 адамга жетти. Кырсык 11-августта катуу шамалдан улам болгон.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, куткаруучулар 77 адамды аман алып калышкан. Ал эми кемеде канча адам болгону так аныктала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, паромдо 150дөн ашык адам болушу мүмкүн болгон. Кеме болгону 90 жүргүнчүгө ылайыкталган.
Кырсыктан каза болгондордун арасында 18 бала бар. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө жана каза болгондордун так санын аныктоо иштери уланууда.