Биз социалдык тармакта

Ислам Махачев UFC тарыхында жаңы рекорд койду

Орусиялык мушкер Ислам Махачев UFC 330 турниринде ирландиялык Иэн Мачадо Гэррини жеңип, уюмдун тарыхында жаңы рекорд жаратты.

Филадельфияда өткөн беттеште Махачев атаандашын калыстардын бир добуштан чечими менен жеңди. Бул анын жарым орто салмактагы чемпиондук курун алгачкы жолу коргоосу болду.

Жеңиштен кийин Махачев UFCде катары менен 17-беттешин утуп, бразилиялык Андерсон Силванын рекордун жаңылады.

34 жаштагы мушкердин профессионалдык рекорду 29 жеңиш, 1 жеңилүү. Ал буга чейин жеңил салмакта UFC чемпиону болгон.

Ал эми 28 жаштагы Гэрри карьерасындагы экинчи жеңилүүсүн алды. Анын эсебинде 17 жеңиш бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан