Ысык-Көл облусундагы Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушу уланууда. Узундугу 14,5 чакырым болгон жол "Ала-Резорт" тоо лыжа базасына алып барат.
Транспорт министрлиги билдиргендей, учурда жолду асфальттоого даярдоо үчүн жер иштери жүргүзүлүп жатат. Курулуш белгиленген графикке ылайык жүрүүдө.
Долбоор туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.