АКШнын Техас штатында пенсионер аял айымдар гана жашай турган чакан айыл куруп, аны ижарага бере баштады.
71 жаштагы Робин Йериан "Куштун уясы" деп аталган конушту Далласка жакын жерде негиздеди. Бул жерде үй-жай аялдарга гана берилет.
Аймактагы жер тилкесинин ижара акысы айына 450 доллардан башталат. Учурда айылда 52 жаштан улуу 12 аял жашайт.
Йериан долбоорго өзүнүн пенсиялык эсебинен 35 миң доллар жумшап, кийин суу, электр энергиясы, канализация жана жол сыяктуу инфраструктурага дагы 150 миң доллар сарптаган.
Анын айтымында, бул жай айымдар үчүн жеткиликтүү, тынч жана коопсуз жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.