АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарындагы Чарльз Янг паркында массалык атышуу болду. Окуядан бир адам каза болуп, дагы төрт адам жаракат алды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жабыркагандардын арасында 4 жаштагы бала, 14 жаштагы өспүрүм жана эки чоң киши бар. Алардын абалы оор эмес экени маалымдалды.
Полиция азырынча шектүүнүн ким экенин жана атышуунун себептерин ачыкка чыгара элек. Окуя боюнча тергөө уланууда.