Токмок шаарында эркек киши кош бойлуу аялды желкесинен кармап жулкулдатып, чыр кылып жаткан видео тарады. Тасмада башка унаада отурган адамдар аларды ажыратууга аракет кылганы көрүнөт.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя 16-августта Чүй облусунун Токмок шаарындагы Үчүнчү кичи райондо болгон.
Чүй облустук милициясы окуя боюнча териштирүү башталганын билдирди.