Өзбекстандын Ташкент шаарында 38-эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты.
Агартуу министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын командасынан 4 катышуучу 4 медаль алган. Команда 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон.
Күмүш байгени Рамазан Мананов менен Алихан Айдарбеков алса, колону Абдуллахан Абдирасулов жана Ян Бобрус тагынган.
Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээлеген.