Криштиану Роналду 2026-27чи сезон анын футболдогу акыркы карьерасы экенин айтты.
"Бул менин футболдогу акыркы жылым болушу мүмкүн. Мен таасирдүү мурас калтыргым келет. Мен карьерам аяктаганда эмне менен алек болорумду билем.
Менин жасай турган иштерим көп. Футболдон кетүү жашоомдо чоң боштукту жаратышы мүмкүн. Аны ар кандай жолдор менен толтуруу керек. Мага саякаттаган, эс алган абдан жагат", - деди ал Vogue журналына берген маегинде.