Кант АБЗ (асфальт бетон заводу) унаа жолунун 1-6-чакырым аралыгы убактылуу жабылды.
Транспорт министрлиги 17-августта маалымдагандай, бул чектөө жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу киргизилди. Оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды.