Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистандын ортосундагы жамааттык коопсуздук келишиминин түзүлүшү туура багыттагы кадам. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.
"Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан жакында Меккеде коргонуу келишимине кол койгонуна абдан кубанычтамын. Бул Жакынкы Чыгыштын биригип жатканын жана өлкөлөр акыры өздөрүн жакшыраак коргой ала турганын көрсөтүп турат", - деп жазган ал Truth Social соцтармактагы баракчасында.
АКШнын президенти келишим "абдан маанилүү жана тайманбас кадам" экенин кошумчалады.