Биз социалдык тармакта

Сегиз өлкө Израилди Газа тынчтык планын бузууда деп айыпташты

Катардын, Иорданиянын, Индонезиянын, Пакистандын, Түркиянын, Сауд Арабиясынын, Египеттин жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, Израилди Газа тынчтык планынын ишке ашыруусун бузууда деп айтыпташты.

"Бул позиция комплекстүү планды түздөн-түз четке кагууга барабар, анын ишке ашырылышына коркунуч келтирет жана адилеттүү, узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди түп-тамырынан бери бузат. Израилдин тынчтык планын четке кагуусу, ал өлкө эми Газада жана оккупацияланган Палестина аймагынын калган бөлүгүндө тынчтык аракеттерине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти мойнуна алаарын тастыктайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер ошондой эле Тынчтык кеңешин АКШнын активдүү колдоосу жана катышуусу менен Газа планын ишке ашырууга кандайдыр бир тараптын тоскоолдук кылышына жол бербөө үчүн "тез арада жана конкреттүү чараларды" көрүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан