Бишкек шаарынын мэриясы Жибек жолу проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги түбүнө бетон куюлган дарак боюнча түшүндүрмө берди.

Маалымдалгандай, бул жер тилкеси ижарага берилген. Ижарачы тарабынан пандус куруу жумуштары жүргүзүлүп жатканда даракка зыян келтирилген. Бул факт боюнча Муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынып, дарактын түбү бетондон тазаланды.

"Мындан тышкары, ижара келишими токтотулуп, подрядчы ак ниетсиз аткаруучулардын тиешелүү тизмесине киргизилет",- деп айтылат маалыматта.