Кечээ, 16-августта Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында санитардык талаптарды сактабаган жаранды аныктады. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран ирригациялык тармактагы сууну пайдаланып, ичеги-карын жууп жаткан жеринен кармалган. Ага карата административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Муниципалдык инспекция шаар тургундарын санитардык талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоого, ошондой эле ирригациялык тармактарды тиричилик калдыктары менен булгабоого чакырды.