Кара-Суу районунда милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 22 жаштагы жигит кармалды.
Маалыматка ылайык, ал 3 күн мурун, тагыраагы, 14-августта тергөөчүгө 40 миң сом берип жаткан жеринен колго түшкөн. Шектүү андан тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жака чечип берүүнү суранган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.