Түркиялык актриса Фара Зейнеп Абдулла "Сейит менен Шура" ("Курт Сейит жана Александра") сериалындагы ролу аркылуу көрүүчүлөргө кеңири таанылган. Актриса кино менен катар музыкага да кызыгып, ырчылык менен да алектенип келет. Ал 1989-жылы 17-августта Стамбул шаарында төрөлгөн. Кызынын бактысын тилеген атасы Оман Абдулла ирактык түркмөн, ал эми апасы Гүлай Абдулла түрк кызы. Атасы Британиядагы мунай-газ компанияларынын биринде иштеген.
Фара Стамбулдагы "Сен-Мишель" француз лицейинде билим алып, окуусун Улуу Британиядан аяктаган. Француз жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Кичинекей кезинен тарта мектептеги театрдык оюндарда катышып жүрүп "Мектептин мыкты актрисасы" сыйлыгына татыган. Мектепти аяктагандан кийин Фарах Кент университетине тапшырып, француз адабияты жана театр багытында билим алган. Ошол эле учурда вокал менен машыгып, театрда ойноону уланткан.
Кино дүйнөсүнө күтүүсүз келген
Фара тасма талаасынын босогосун 2010-жылы аттаган. Алгачкы роль алган долбоору "Убакыт" ("Бесценное время") сериалы болуп, анда 3 жыл Айлин Акарсунун образын ачып берген. Кызыгы, актриса бул ролго атайын кастинг аркылуу эмес, социалдык тармактагы сүрөтү аркылуу тандалган. Продюсерлер анын сүрөтүн көрүп, Айлиндин ролуна дал келе турган актриса экенин түшүнүшкөн. Андан кийин анын карьерасы тездик менен өскөн. Ал 2013-жылы "Көпөлөктүн түшү" (Сон бабочки") тасмасына тартылып Медиха Сессиздин ролун жараткан.
2014-жылы Фара "Сейит менен Шура" сералында аристократ кыз Александранын образын жаратууга сунуш алып, анда түгөйү катары белгилүү түрк актёру Кыванч Татлытуг ойногон. Мына ушул тасмадан кийин анын ажарына суктанган көрөрмандары көбөйүп, белгилүү режиссёрлордон сунуштар байма-бай түшө баштаган. Орусиялык аристократ Александранын ролу аркылуу актриса Орусияга жана Азия өлкөлөрүнө тааныла алган.
2015-жылы жаз айларында Фара "Барби, ханбийке жана рок жылдызы" мультфильминде Азранын үнүн коштоп, андагы ырды да аткарган. 2016-жылы актриса режиссёр Йылмаз Эрдогандын "Кычкыл алмалар" тасмасында Муаззездин ролун жараткан.
Ушул эле жылы август айында "Даңазалуу доор: Көсем султан" сериалынын 2-сезонунда тартылууга сунуш алган. Башында актриса Мурад султан IV'нин аялы Айше султандын ролун алмак, бирок кийинчерээк аны венгер ханбийкеси Фарья Бетлендин образына тандашкан. 2017-жылы "Ырчы" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылса, 2018-жылы "Arif v 216" тасмасында Ажда Пеккандын жана "Гүлизар" тасмасында Гүлизардын образын ийгиликтүү ачып бере алган.
"Убакыт", "Көпөлөктүн түшү", "Унутуп калсам, шыбыра" тасмаларында жараткан актёрдук чеберчилиги үчүн 14 атайын сыйлыктын ээси болгон.
Жеке жашоосу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген билдирүүсүндө ал ата-энеси 30 жылдан бери бирге түтүн булатып, ушул кезге чейин ортолорунда сүйүүнү жана бири-бирине болгон сый-урматты сактай алышканын, аларды эң үлгүлүү үй-бүлө катары санай тургандыгын айткан. Андыктан чыныгы сүйүүгө жолукмайынча турмушка чыгууга шашылбай турганын жана үй-бүлөнү турмуштун сыноолоруна чыдап калган кезде курса туруктуу болоруна ишенерин билдирген.
2013-жылы Гөкхан Тирьяки менен жакын мамиледе болуп, 2016-жылы алыстап кетишкен. 2017-жылдын январь айынан баштап "Даңазалуу доор: Көсем султан" сериалындагы түгөйү Жанер Жиндорук менен мамилеси жакшырып, жыл айланбай ажырашкан. 2021-жылы DJ Artz деген чыгармачыл аты менен белгилүү музыкант Эфе Челик менен мамилеси тууралуу кептер тараган.


Актриса тууралуу кызыктуу фактылар
Фара Зейнеп Абдулла - Түркиянын популярдуу актрисаларынын бири. Ал карьерасында долбоорлордун санына эмес, өзүнө кызыктуу ролдорго көбүрөөк маани берип келет. Музыка актриса үчүн кино жана театрдан да өзгөчө орунда турат.
17-августка карата жылнаама.