Чүй облусунда баңгизат сатуучу уюк табылды

 29-январда Ички иштер министрлигинин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизат сатуучу уюкту табышты. Бул тууралуу 31-январда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үйдүн ээси 33 жаштагы жаран баңгилерди уюкка киргизип баңгизатты керектөөгө уруксат берип жүргөн. Милиция кызматкерлери үйдү тинтүү иштерин жүргүзгөндө маңзат жана аны керектөө үчүн даярдалган пластик бөтөлкөлөрдү табышкан.

Кармалган адамга "баңгизат уюгун уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан