Кечээ, 16-августта Иран АКШнын аскер кызматкерин өлтүргөн же туткунга алып, бийликке өткөрүп берген жарандарга 30 миң доллар сыйлык төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу Иран армиясынын башкы командачысы, генерал-майор Амир Хатами чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирген.
Анын айтымында, мындай аракетке барган ирандык аялдарга сыйлык 2 эсеге көбөйтүлүп, 60 миң доллар төлөнөт. Хатами бул чечим жарандардан түшкөн көптөгөн өтүнүчтөрдөн кийин кабыл алынганын айткан.
Мындан тышкары, америкалык аскерди өлтүрүүдө колдонулган куралды армия анын базардагы баасынан 2 эсе кымбат баада сатып алып, ордуна жаңы курал берүүнү пландап жатат. Кийин ал курал атайын түзүлө турган музейде сакталары айтылды.
Хатами бул билдирүүлөрүн журналисттер менен болгон жолугушууда жасап, Ирандын чабуул коюу жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрү калыбына келтирилгенин белгилеген.