Биз социалдык тармакта

Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучудан уулун абактан чыгарып берүү шылтоосу менен март айынан майга чейинки аралыкта 552 миң сом алган. Шектүү анын ишенимине акчаны тиешелүү органдардагы адамдарга берүүнү убада кылып кирген. Бирок шектүү акча каражатын өзүнүн жеке керектөөлөрүнө жумшап жиберген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Текшерүүдө шектүү мурда Орусияда каракчылык кылмышы үчүн соттолгондугу, ошондой эле алдамчылык фактылары боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы такталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан