Биз социалдык тармакта

Британиялык аналитик Такаитиге Путин боюнча эскертүү берди

Бүгүн, 17-августта британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитиге Орусиянын президенти Владимир Путинди сындагандын ордуна Москва менен диалог түзүүгө аракет кылууну сунуштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, Такаитинин Орусияга карата катуу позициясы Япония үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
"Такаити Батыш лагериндеги күчтүү антиорусиялык позицияны ээлеп, Японияны алааматка алып барат",- деген Меркурис.

Эске салсак, 13-августта Владимир Путин Курил аралдарындагы Итурупка барган. Бул Орусия президентинин аталган аралдарга жасаган биринчи жеке сапары болгон. Жапония аралдарды өзүнүн "түндүк аймактары" деп эсептегендиктен, премьер-министр Санаэ Такаити сапарды "кабыл алынгыс" деп сындап, Орусияга нааразычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан