Кечээ, 16-августта белгилүү кыргыз актёру Дастан Бакытбековдун сүйүктүүсүнүн кыз узатуу салтанаты өттү. Бул тууралуу актёрдун сахналаштары социалдык тармактагы баракчаларына жазып, салтанаттан тартылган сүрөт, видеолорду бөлүшүштү.
Актёр буга чейин, 22-апрелде "Эрке кыз" тасмасынын ачылыш аземинде "Манас" кинотеатрынын алдынан сүйүктүүсү Сезим Анарбекованын колун сураган.
Дастан Бакытбеков "Полчан", "Байкуш" сыяктуу кыргыз комедиялык тасмаларындагы ролдору менен кеңири таанылган.
Социалдык тармактарда күйөрмандары жана жакындары актёрду куттуктап, түгөйлөргө бакыт каалап жатышат.