Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы энергетиктерди сынга алды

Бүгүн, 17-августта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде электр берүү линияларынын авариялык өчүрүү учурларына тиешелүү маселени көтөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталганын белгилеп, бузулуулар жабдууларды пайдалануу эрежелери, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, аткаруучу уюмдардын күнөөсү жана айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилесинен экенин айткан.

Өкмөт башчы ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылыкты жаратып, бизнеске зыян келтирерин баса белгилеген. Бул күз-кыш мезгилине активдүү даярдануу учурунда таптакыр жол берилгис көрүнүш.

Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырган. Касымлаиев бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан