Баткенде дарыяга түшүп кеткен 48 жаштагы жаран 7 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалымдалгандай, ал 10-август күнү саат 18:00 чамасында Кожешкен дарыясына агып кеткен. Учурда издөө иштери 3 багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылдары боюнча жүргүзүлүүдө.