Бүгүн, 17-августтан тарта Манас шаарынын Көк-Арт аймагында жайгашкан жаңы автобекет ишке берилди.
Мэриядан маалымдашкандай, жаңы жайда жүргүнчүлөр үчүн күтүү шарттары түзүлүп, коомдук транспорт жана такси унаалары үчүн кеңири орундар каралган. Учурда шаардан сырткаркы каттамдарды жаңы автобекетке өткөрүү жана такси кызматтарынын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.