Биз социалдык тармакта

Борбордук Азияда электр жарыгынын масштабдуу өчүрүлүшүнө Кыргызстан түздөн-түз себеп болгон эмес

Энергетика министрлиги 14-августта электр жарыгынын масштабдуу түрдө өчүшү тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, бул күнү технологиялык бузулуудан кийин Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БАБЭТ) бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөн. 18 мүнөттөн соң жыштык 50 Гцке чейин калыбына келтирилген. Ошол эле учурда Кыргызстан коңшу мамлекеттерге 250 МВт көлөмүндө электр кубатын берген. Ал эми Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү БАБЭТтеги жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгон.
Технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталган. Бул Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген.
Бирок бул бузулуу башка өлкөлөрдөгү энергетикалык түйүндөрдүн өчүшүнө түздөн-түз себеп болгон эмес.
Министрлик башка мамлекеттердеги электр жарыгынын өчүү себептерине өзүнчө талдоо жүргүзүп, иликтөө аяктаганга чейин бардык жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес экендигин кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин Казакстандын KEGOC компаниясы Токтогул ГЭСиндеги эки гидроагрегат өчүп калып, Борбордук Азиянын энергетикалык тутумуна күч келгенин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан