Биз социалдык тармакта

31-август жана 1-сентябрда кимдер эс алышат?

Бүгүн, 17-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майрамдык жана кошумча эс алуу күндөрүнө байланыштуу иш тартиби тууралуу маалымат берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү - иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн орточо күндүк эмгек акысы сакталуу менен эс алуу күнү болуп белгиленген.

Ал эми жеке менчик уюмдар үчүн аталган токтом сунуштама мүнөзүндө болот.

Министрлик майрам күнү кызматкерди ишке тартууга анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жол берилерин айтты. Мындай учурда тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча эс алуу күнү каралып, иштеген күн эмгек өргүүсүнө кошуларын же эмгек акысы кеминде эки эселенген өлчөмдө төлөнөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан