Бүгүн, 17-августта, эндокринолог-диетолог Екатерина Сахнова баклажандын пайдалуу касиеттерин айтып берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Адистин айтымында, баклажан курамындагы клетчатка, антиоксиданттар жана микроэлементтердин эсебинен тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртат.
Мындан тышкары, жашылчанын калориясы аз болгондуктан, салмакты көзөмөлдөөгө дагы жардам берет. Анын 100 граммында болжол менен 20 килокалория болот.
Дарыгер жаш баклажанды кабыгы менен жегенди сунуштады. Себеби, антоциандардын негизги бөлүгү жашылчанын кабыгында топтолгон.
Ошондой эле адис аны даярдоодо майдын көлөмүнө көңүл бурууга чакырды. Баклажан майды жакшы сиңиргендиктен, куурулганда тамактын калориялуулугу жогорулайт. Андыктан аны аз өлчөмдөгү май менен бышыруу же демдөө пайдалуураак.