Биз социалдык тармакта

Тажикстанда байыркы падышалык мөөр табылды

15-августта Тажикстанда археологиялык казуу иштеринин жүрүшүндө Кушан падышалыгынын дооруна таандык байыркы падышалык мөөр табылды. Бул тууралуу "Ховар" улуттук маалымат агенттиги жазган.

Маалыматка караганда, табылга Хатлон облусунун Абдурахмон Жами районундагы "Сайёд" тарыхый эстелигинен табылган. Бышырылган чоподон жасалган мөөр жакшы сакталган.

Мөөрдүн бийиктиги 5 сантиметрди түзөт. Анда бактрия тилиндеги жазуу, геометриялык оймо-чиймелер, таажы кийген падышанын жана тоо эчкилеринин элеси түшүрүлгөн.

Адистердин айтымында, табылга Кушан доорунун саясий, маданий жана көркөм мурастарын изилдөө үчүн маанилүү. Учурда мөөрдүн жазууларын чечмелөө жана изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан