Биз социалдык тармакта

Колумбияда жер титирөөдөн кийин асман кызыл түскө боёлду (видео)

13-августта Колумбиянын Галерас муниципалитетинде асман кызыл түскө боёлуп, жергиликтүү тургундарды таң калтырды. Бул көрүнүштөн тартылган видеолор социалдык тармактарда тараган.

Эске салсак, 10-августта Колумбияда магнитудасы 7,4 болгон күчтүү жер титирөө катталган. Кырсыктан жүздөгөн адам каза болуп, миңдеген киши жаракат алган. Ошондой эле үйлөр, ооруканалар, мектептер жана башка инфраструктуралар олуттуу зыянга учураган. Дал ушул себептен айрым тургундар асмандын кызыл түскө боёлушун сейсмикалык активдүүлүк менен байланыштырышкан.

Кийинчерээк асмандын бул көрүнүшү жер титирөөгө байланыштуу эместиги белгилүү болгон. Адистердин айтымында, кызыл түскө күндүн батышы, абадагы чаң жана нымдуулук таасир эткен.

Колумбияда жер титирөөдөн кийин асман кызыл түскө боёлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан