Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 34 жаштагы келин асынып каза болду. Маалыматты облустун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалымдалгандай, окуя 9-августта катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон жарандын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусунун чыгышы менен мыйзам чегинде юридикалык чечим кабыл алынат.
Маркум келиндин артында 3 баласы калган.