Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы бетон завод ишке кирип, жаңы жумуш орундары түзүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев М.Ишматов көчөсү, 152к дарегинде курулуп жаткан «Кең Строй Сервис» ЖЧКсынын бетон заводунун иши менен таанышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда заводдогу курулуш-монтаждоо иштери 95 пайызга аткарылып, заманбап жабдууларды орнотуу жана акыркы даярдыктар жүрүүдө.

Завод толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин жаңы жумуш орду түзүлөт.

Мэр ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана курулуш тармагын сапаттуу материалдар менен камсыздоо маанилүү экенин белгилеп, объектти өз убагында жана сапаттуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан