Бишкек шаарындагы Севастополь көчөсү, 7 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери текшерүү учурунда имараттын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын калыңдыгы долбоордук талаптарга жооп бербегенин аныкташкан.
Адистердин айтымында, мындай кемчилик конструкциянын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө таасир этип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мыйзам бузуу боюнча “Инком системс” ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди.